super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Түрк авиакомпаниясы кырсыктан ата-энесинен айрылган балдардын билим алуусуна кам көрүүгө даяр экенин билдирди

 

"АСТ Airlines" түрк авиакомпаниясынын директору Желал Карабаш авиакырсыктын чыгымдарын биргеликте чечүүгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган авиакомпаниянын башкы директору Желал Карабаш баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда биринчи вице-премьер-министр учактын курмандыктары жана жабыркаган жарандар тууралуу толук маалымат берди.

Азыркы тапта жабыркагандар ооруканада дарыланышууда. Ал эми турак жайсыз калгандар убактылуу мейманканага жайгаштырылды. Мектеп окуучулары менен бала бакчага барган балдарды убагында жеткирүү өкмөттүн көзөмөлүндө турат.

"Учактын кыйрашы боюнча бардык маселелер өкмөттүн көзөмөлүндө, жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, учурда тиешелүү мекемелердин баары бул багытта иш алып барууда. Эми алдыда эки тарап биргелешип жабыркаган жарандардын маселесин чечүү милдети турат", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле эки тарап кырсыктын чыгымдары тууралуу сүйлөштү. Түрк тарап чыгымдар боюнча жардам берүүгө, жетим калган балдарга психологиялык колдоо көрсөтүүгө, аларды орто мектептен баштап жогорку билим алуусуна чейин камкордукка алууга жана башка мамлекеттик чыгымдарды биргеликте чечүүгө даяр экенин билдирди.

Өкмөттүк комиссия кыска убакыт аралыгында "АСТ Airlines" компаниясына Боинг 747 учагынын кыйрашына байланышкан чыгымдар тууралуу толук маалымат берет.

Мындан тышкары жыйында Желал Карабаш Боинг 747 учагындагы жүк тууралуу да кыскача маалымат берди. Боинг 747 учагы буга чейин Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча бир нече жолу жүк жеткирген. Ар бир каттамда Бишкекке конуп, Стамбулга чейин кошумча күйүүчү май куюп, экипаж мүчөлөрүн алмаштырып келген. Желал Карабаш аталган жүк Бишкекке багытталбаганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.02.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биоим алуусун камкорлукка алганыго жакшыгоо байкуштар ата эненин мээримине тоцбой оксук болуп калышатда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: