super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппарат Алмазбек Атамбаев мээнет менен байыганын билдирди

 

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов депутат Өмүрбек Текебаевдин президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгы боюнча айтканына жооп кайтарды. Өмүрбек Текебаев кечээ, 31-январда журналисттер менен жолугушууда президент кантип байыганын иликтей турганын билдирген эле.

Алмаз Үсөнов мындай дейт: "Текебаев дагы эле башкаларды өзүндөй ойлойт, ошондуктан адал акчаны мародёрлуктан табылган акча менен чаташтырып жатат. Адамдарды алдабаш керек. Совет жылдарында эле кантип байыганын Алмазбек Атамбаев эч убакта жашырбаганын кыргызстандыктар жакшы билишет. Алгачкы миллиондорду ал жүз миңдеген нускада китеп чыгаруу менен иштеп тапкан. Ал китептерди вагондоп Орусияга жана башка республикаларга жөнөтүп турган. 80-жылдардын аягында жана 90-жылдардын башында бул абдан кирешелүү бизнес болчу. Андан түшкөн акчаларга Алмазбек Атамбаев ар кандай ишканалардын акцияларын менчик ээлеринин өз колунан сатып алган. Текебаев өзү деле Атамбаев заводдорду миллиондорго сатканын айтпадыбы. Декларацияда баары көрсөтүлгөн. Бул адал акчалар".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: