Индия белекке берчү "Бабатрон" нур аппаратын Кыргыз жерине алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр өттү
Бүгүн, 1-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинде министр Талантбек Батыралиев Кыргыз Республикасындагы Индия өлкөсүнүн элчиси Жаянт Кхобрагаде менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Алардан тышкары жолугушууга Бангалордогу "Panacea Medical Technologies Pvt.Ltd" медициналык компаниясынын биомедицина боюнча башкы инженери С.Паллави да келгени маалым болду.
"Жолугушууда онкологиялык ооруларды дарылоочу "Бабатрон-II" аппаратын алып келүү жана орнотуу боюнча бир катар маселелер каралды. Ошондой эле аппаратты орнотуунун техникалык жактары да талкууланды. Министр индиялык тарапка белек үчүн ыраазычылыгын айтты", - деп билдиришти министрликтен.
Эскерте кетсек, аталган аппарат Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылы декабрь айында Индияга болгон сапарында белекке берилери маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-11-10
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















тез эле тынчытып койбой.