super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Баптист адамдын көрүстөнүн казгандардын ар бирине 1 жылдан сынак мөөнөтү белгиленди

 

2016-жылы октябрь айында Ала-Бука районунда баптист аялдын сөөгүн казгандардын экөө 1 жылдан кесилишти. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 1-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 17-октябрында саат 17:00 чамасында Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында К.С. аттуу жарандын сөөгүнүн “Канымбүбү” көрүстөнүнө коюлганына жергиликтүү тургундар нааразычылыгын билдиришкен.

"Баптизм агымындагы адамды мусулмандар жаткан жерге койгонго болбойт" деп көрдөн казып чыгышкан Эмилбек Жанаев, Кубанычбек Эркавлянов Ала-Бука райондук сотунун 2017-жылдын 12-январындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин (өлгөн адамдын денесин жана алар көмүлгөн жерди мазактоо) 2-пункту менен күнөөлүү деп табылышып, ар бири 3 жылга эркинен ажыратылышкан. Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде аларга белгиленген жаза шарттуу деп эсептелинип, ар бирине 1 жылдан сынак мөөнөтү белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле алардан сырткары Бектурган Кулчинов аттуу тургун да маркумдун сөөгүн казып чыкканы белгилүү болгон.

"Соттолуучу Б.Кулчинов боюнча кылмыш иши сотто кароодо, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү айыпталуучу менен элдешип, аны кечирип, тосмо арыз менен кайрылган. Айыпталуучу жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкендиктен, Кылмыш-жаза кодексинин 66-беренесине ылайык, Бектурган Кулчиновго ачылган кылмыш иши кыскартылган", - деп кошумчалаган басма сөз кызматы.

Ала-Бука райондук сотунун 2017-жылдын 20-январындагы маалыматына ылайык, даттануу түшө элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
01.02.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баарын камаш керек озу
01.02.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Saribulak,сен мусулмансынбы туура эмес чечим мусулмандын жайына мүмкүн эмес башка динге коюшка алар башка жай бериш керек
01.02.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
uz.nookat,закон баарына бирдей. Мен альхамдулилла мусулманмын бирок кор казган адамдарды эч качан колдобойм. Камаш керек .
01.02.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uchunchu adam akchadan koburok bergengo tosmo aryz jazganina karaganda
01.02.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары эле которулушконго неге 2адамды камап атат
01.02.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жон эле аларга башка жай бергиле , тооба кылдымго анан баптизимде бале барбы олгондон кийин ошол баптизимдегилер кайда кой
улаарын ойлонуп отушсунда . Же тыюу салыш керек мындай диндерге. Бей кунооле бироолор камалабы баптистердин айынан
01.02.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
өлгөн адам өлдү да, ал башка динге өтүп кеткени үчүн суракта аркы дүйнөдөн жооп берет, өз жазасын алат. жерге коюлгандан кийин сөөктү ары бери ташыбай жөн коюшса болбойбу. жазалоочу биз эмеспиз го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: