Казакстандагы поезд кырсыгынын келип чыгуу себептери тактала элек
Казакстандагы поезд кырсыгынын келип чыгуу себептери тактала элек. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Кечээ, 31-январь күнү саат 09:14 чамасында Казакстандын "Мерке" станциясына жакын жерде Бишкекке келе жаткан поезд кырсыкка кабылып, 6 вагон рельстен чыгып кеткен.
"Комиссия түзүлүп, окуя болгон жерге жөнөтүлгөн. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери тактала элек. Аны түзүлгөн комиссия иликтейт. Кырсыктан улам жабыркагандар жок", - деп айтылат аталган ишкананын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.