super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-ФЕВРАЛЬ: 2012-жылы Египетте футбол оюнунда жеңилген команданын күйөрмандары чыр чыгарып, 70тен ашуун адам каза болгон

 

2012-жылы 1-февралда Египеттин Порт-Саид шаарынын стадионунда жергиликтүү "Аль-Масри" клубунун жана каирдик "Аль-Ахли" клубунун ортосунда болгон оюн учурунда чыр чыккан. Күйөрмандар оюнда 3:1 эсеби менен жеңилип калган "Аль-Ахлинин" футболчуларын сабап киришкен. Массалык мушташтан жана тыгындан 73 киши өлүп, миңдеген киши ар кандай жаракат алган.

Стадиондо 500гө чукул атайын багыттагы жоокерлер болгону менен, 3-4 миңдей адамдын мушташын токтотууга активдүү аракеттерди жасашкан эмес. Ал эми медицина кызматкерлери жабыркагандарга окуянын жеринен жардам көрсөтүп жатышкан. Бул боюнча бир жылдан кийин сот болуп, 73 айыпталуучунун ичинен 21 адам өлүм жазасына тартылган. Сот чыгарган чечим айыпталуучулардын туугандарын кыжырдантып, түрмөгө чабуул жасоого түрткү болгон. Мында 2 полиция кызматкери набыт болгон. Бийлик шаарга аскерлерди чыгарып, баш аламанда 30 адам көз жумган. 2015-жылдын июнь айында сот жогорудагы ишти кайрадан карап чыгып, 11 адамды өлүм жазасына тарткан. Дагы 15 адам 5 жылдан 15 жылга кесилсе, 21 адам акталган.

1-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: