ЖЫЛНААМА, 2-ФЕВРАЛЬ: 3 жыл мурун бразилиялык кинорежиссёр Эдуарду Коутинью өз уулунун колунан ажал тапкан
2014-жылы 2-февралда белгилүү бразилиялык кинорежиссёр Эдуарду Коутинью Рио-де-Жанейродогу өз үйүндө уулунун колунан ажал тапкан. 80 жашка чыккан Эдуардуга психологиялык оорудан жабыркаган уулу эт кескен бычак менен кол салган. Андан тышкары анын жубайына да 5 ирет бычак сайылып, бактыга жараша, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан.
Полицияга маалым болгондой, бул окуядан кийин Даниэль Коутиньо (уулу) коңшусунун эшигин каккан. Анан үйүнө кайтып, "Тез жардамды" жана полиция кызматкерлерин күткөн. Эдуарду Коутиньо Бразилияда белгилүү болгон бир катар даректүү тасмаларды жараткан. Анын “Чебер имарат” жана “20 жылдан кийин” тасмалары 1985-жылы Берлиндеги кинофестивалда сыйлыктарга арзыган.
2-февралга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.