Аида Салянова: "Зордукталган жаш кыздар боюнча "өз каалоосу менен жыныстык катнашка барган" деген чечимдер чыгууда"

"Күч колдонуу менен зордукталган жаш кыздар боюнча "өз каалоосу менен жыныстык катнашка барган" деген туура эмес чечимдер чыгууда", - деди бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова ("Ата Мекен").
"Кыздарды зордуктаган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп кеткен учурлар бар. Анткени тергөөчүлөр "кыз өз макулдугу менен жыныстык катнашка барган" деген тыянактарды чыгарышууда. Бул адаттагыдай көрүнүш болуп жатат. Мындай тергөөчүлөрдүн үстүнөн кылмыш ишин козгош керек", - деди Салянова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
15

