"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош жол башкармалыгы: "Алай көчөсү маанилүү эмес, жашоочулардан арыз түшмөйүнчө оңдолбойт"

Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Алай көчөсүнүн жашоочуларынан арыз түшмөйүнчө жолдор оңдолбойт. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов билдирди.
"Алай көчөсүнүн жашоочуларынан жолду оңдоо боюнча арыз келип түшө элек. Арыз түшмөйүнчө жолдорду оңдобойбуз. Эгер жашоочулар кайрылса, биз шаардык кеңештин депутаттарына сунуштап, алар колдоп берсе, анан иш баштайбыз. Ошол эле учурда бул жол анчалык маанилүү эмес. Аралыгы 500 метрге чейин созулат. Бул көчө планга кирсе, шагыл төгүлүшү мүмкүн", - деп билдирди Жунусов.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы Ош шаарында канча жол оңдолорун азырынча шаардык кеңештин депутаттары сессияда карай элек. Мындан улам сметалык баасы чечилбей келет.
"2016-жылы 25 миң чарчы метр жердин чуңкурларын оңдогонбуз. Ал эми 50 миң чарчы метр жолго шагыл төгүлгөн", - деп кошумчалады Жунусов.
Эске салсак, буга чейин 1-февралда окурман "Элдик кабарга" жолдун абалы начар экенин айтып маалымат берген.


Маанилуу эмес дейт маанилуусу эле ондолгондой
Бардык сайттырга чыгарып салчы сүрөтү менен