Түп районунда балык кармаганы кеткен эки тургунду издөө иштери натыйжасыз болууда
Түп районунда балык кармаганы кеткен эки тургунду издөө иштери натыйжасыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-январь күнү Күрмөнтү айылынын 2 тургуну Кутургу айылы менен Фрунзе айылынын ортосундагы көлгө балык кармаганы барып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине 4 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тартылган. Азырынча издөө иштери натыйжасыз болууда. Эртең дагы кошумча суучулдар тартылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.