super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: 60 миң калкы бар Кызыл-Кыя шаарында таштанды салуучу челектер жок

 

Кызыл-Кыя шаарында таштанды салуучу челектер жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдыкар Сапарбеков билдирди.

"Кызыл-Кыя шаарында таштанды салуучу челектер жок. Буга чейин 2002-2005-жылдары долбоордун эсебинен орнотконбуз. Андан бери эскирип, чирип, айрымдарын уурдап кетип жок болду. Быйыл 20 даана таштанды челектерин орнотууну пландап жатабыз. Шаардын аймагында таштандылар тазаланбай жатат деген туура эмес. Атайын таштанды таштоочу жайларды даярдаганбыз. Бүгүнкү күндө элдин маданияты төмөн болууда. Атайын жайга таштабай, ар кайсы жерге ыргытышат", - деди Сапарбеков.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында калаанын тазалыгын камсыздоо үчүн 15 техника, 60ка жакын кызматкер эмгектенет.

"Шаарда жумасына 2 жолу таштандыларды алып чыгуу аракети жүргүзүлөт. Ал үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаарды үчкө бөлүп, жеке ишкерлер менен келишим түзүп иштеп жатат. Алар таштандыларды ташып чыгарууну ишке ашырышат", - деп кошумчалады Сапарбеков.

Эске салсак, окурман 31-январда Кызыл-Кыя шаарынын борбордук бөлүгүндө таштандылар чачылып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
02.02.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Маданияттуу болуп сен ошону убагында жетишип тазалабайсынбы
02.02.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Uson13,жетишпесе чонтогунон кылабы? Ал жерге да акча болунуш керек да.
03.02.2017. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусорду эмне асмандан бироо таштамак беле озубуз булгайбыз.талап тоноп сындырып жок кылабыз, мусор таштаган контейнердин жанына барып ичине таштабай бери жактан ыргытып кете беришет кээ бирлери.
02.02.2017. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кызыл кыяга
Барсам ар жерде мусор жатат берет
Гыжырым келет
02.02.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздо да куноо бар кээ бир адам дар бар мусыр салгычка салыштан еринишет калаган жерине ыргытып кете беришет ар бир адам озуно таза болсо айлана дагы таза болот беле
arzygulR түзөттү 2017-02-02 22:27:27
02.02.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулатова 150 152 154домдорунун мусор токчу жери ыйлай турган абалда.Жумасына эки жолу эмес 2-3айда бир алынат Ага чейин чачылып шамалга учуп жата берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: