Бишкекте кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясында Бинаретдин Султанбаевди эскерүү урматына кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди. Ал эми мелдешке шаардын спорт клубдарынын, аталган академиянын жана Казакстандын футболчулары чакырылды. Мелдеш
2-май күнү саат 14:00дө башталып, 5-майда соңуна чыгат. Айта кетсек, Б.Султанбаев Эл агартуунун отличниги, бир топ жыл футбол калысы болуп эмгектенген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.