Бишкектин түштүк жагында Субару Импреза унаасы дарак сүзүп, 3 адам каза болду

Бүгүн, 2-февралда болжол менен саат 20:30да Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү ВДНХ аймагында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарынан өздүк булак билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. Алдын ала айтылган маалымат боюнча, унаадагы 3 адамдын баары каза болгон.
Кырсык болгон жер курчоого алынып, ал жерге Жол-патрулдук кызматы, "Тез жардам", Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Куткаруу кызматынын кызматкерлери барышкан. Саат 21:30дарда унаалар үчүн жол ачылган.
"Субару Импреза унаасы даракты сүзүп алган. Учурда кырсыктын себептери такталууда", - деди ӨКМнын басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Baltabai