Күбөлөр: "Кырсыктан каза болгондор 17-19 жаштагы эки бала жана бир кыз" (фото)










Бүгүн, 2-февралда болжол менен саат 20:30да орун алган жол кырсыгы Бишкектин Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн ВДНХ аймагында катталган. Жол кырсыгына кабылган Субару Импреза үлгүсүндөгү жеңил автоунаада 17-19 жаштагы 2 бала жана 1 кыз болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү билдиришти.
Алардын айтымында, такси кызматынын унаасы жолдун каршы тилкесине чыкканда, катуу ылдамдыкта бара жаткан Субару такси унаасынан буйтап, жолдун четинен чыгып даракты сүзүп алган. "Субарудагы үч адам каза болду. Айдоочу 19 жаштагы бала экен", - дешти күбөлөр.
Бишкектеги кырсык (2.02.17)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Жаткан жери жайлуу болсун