super.kg logo

Бишкекте өз жанын кыюуга аракеттенген мас абалдагы өспүрүмдөр табылды

 

Борбордун райондорунда мектеп директорлору жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда социалдык тармактардагы коркунуч тууралуу жыйындар өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле жыйындарга социалдык мугалимдер, психологдор, жашы жете электер боюнча инспекторлор да катышкан. Анда балдарды өздөрүнө жана жакындарына зордук көрсөтүүчү оюндардан сактоо боюнча маселелер жана сунуштар каралды.

"Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Инстаграм тармагындагы провокациялык оюндун тапшырмаларын аткарып жатышкан 5 өспүрүм кармалып, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүшкөн. Саат 18:00 чамасында виртуалдык оюн боюнча өздөрүнүн жанын кыюуга аракет кылган өспүрүмдөр мас абалда табылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары айрым интернет-клубдарга рейддер жүрүп, саат 22:00дөн кийин бир нече өспүрүм кармалып, кээ бири ата-энелерине өткөрүлүшсө, кээ бири психологдор менен сүйлөшүүгө жиберилишкен.

"Свердлов районунда 9 интернет-клуб текшерүүгө алынып, 8 өспүрүм кармалып, үчөө ата-энелерине кайтарылса, бешөө Ички иштер министрлигинин алдын алуу борборуна жеткирилишкен. Ленин районунун аймагындагы 10 интернет-клубдан 9 өспүрүм кармалган. Ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп кошумчалаган мэрия.

Өспүрүмгө тиешелүү деңгээлде тарбия бербегени үчүн ата-энелерге административдик чаралар каралары маалым болду. Ал эми 22:00дөн кийин же окуу маалында өспүрүм табылган
интернет-клубдарга да жабылып калганга чейин административдик чаралар көрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.02.2017. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омеей ушул оюн балээ эле болду го. Орус оюндагыны кылат деп бекеринен айтпайтта не максатта чыгарды экен эми бул оюнду эмне пайдасы бар жаштарыбыз неле ал оюнга кызыгып калышты?
03.02.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул оюнду чыгарган адамды таап катуу жазалоо керек.
03.02.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Alixan-Nookat.2015,ноябрда эле кармалыптыр кечээ фейсбуктан окудум эле.
03.02.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интернет кулбтарды жаап салыш керек
03.02.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ушул эле жетпей турат эле
бизге. Азыркы замандын жаштары
бери жыгыл десе нары жыгыла
турган болуп калышты.Бул оюун
эмес олум да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: