Англиялык футболчу Френк Лэмпард карьерасын жыйынтыктады

Англиялык футболчу, “Челси” командасынын тарыхындагы эң көп гол киргизген футболчу Френк Лэмпард карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазат.
38 жаштагы футболчу карьерасын 1996-жылы “Вест Хэм” клубунда баштаган. “Челси” командасында 2001-жылы өтүп, аталган лондондук командада 13 жыл ойногон. Анда жалпы 429 оюнда 147 гол киргизген. “Челси” командасы менен 3 жолу Англия чемпиондугун, 4 жолу Англия Кубогун, Чемпиондор Лигасын жана Европа Лигасын бир жолудан жеңген. Англиянын улуттук курамында жалпы 106 оюн өткөрүп, 29 жолу айырмалана алган.
Лэмпард акыркы жылдары “Манчестер Сити” жана “ Нью-Йорк Сити” клубдарында ойноп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
adidilet

03.02.2017. 09:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош, легенда!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.