ЖЫЛНААМА, 3-ФЕВРАЛЬ: 549 жыл мурун басма станогун ойлоп тапкан Иоганн Гутенберг көз жумган



Алгачкы басма станогу

Гутенбергдин доорундагы басмакана
Мындан 549 жыл мурун, 1468-жылы 3-февралда немис ойлоп табуучусу Иоганн Гутенберг көз жумган. Ал 1397-1400-жылдар аралыгында Германиянын Майнц шаарында төрөлгөн. 1440-жылдардын ортосунда китеп басып чыгаруу ыкмасын ойлоп таап, Европанын маданиятына гана эмес, бүткүл дүйнөлүк тарыхка таасирин тийгизген.
Парижде типографиялык китеп басып чыгаруу ишин шайтандын иши деп эсептеген кечилдер И.Гутенбергди түрмөгө отургузушкан. 1804-жылы француз императору Наполеондун колдоосу менен бүткүл Европа боюнча акча чогултулуп, ага эстелик орнотулган. Ошол мезгилден тарта Гутенбергдин ысымы тарых барактарынан орун алган.
3-февралга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.