super.kg logo

Ош шаарында өлүмгө жетелеген оюнга азгырылган өспүрүмдөр аныкталды. Бири кан тамырын кескенге жетишкен

 

Кечээ, 2-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 4 өспүрүмү "Тихий дом" оюнуна азгырылып калганы аныкталды.

"Алардын ичинен эки бала өз убагында чыгып кеткен, ал эми эки кыз үчүнчү баскычына келип калгандыгы аныкталды. Кыздардын бул оюнга азгырылып калгандыгы тууралуу маалыматты ата-энеси угуп, оор абалда калышты. Алар өз кыздарын мындай оюндарга азгырылбайт деп ойлошкон. Кыздардын бири өз кан тамырын лезвие менен кесип, сүрөткө тартып бул оюндун администраторуна жөнөткөн. Пайдаланылган лезвие окуучунун окуу китептеринин биринен табылды", - деп айтылат маалыматта.

Кыздар Ош шаарындагы мектептердин биринде 7-8-класстарда окушары маалым болду. Оюнга азгырылгандар жетиштүү жашаган үй-бүлөнүн балдары экенин кошумчалашкан Ош шаардык ички иштер башкармалыгы.

"Урматтуу ата-энелер, эгерде балдарыңыздардын ушул сыяктуу оюндарга азгырылып калганын байкасаңыздар, жергиликтүү милицияга, мектеп жетекчилигине кайрылыңыздар. Балким, алар психологдун жардамына муктаж. Азырынча Ош шаарында бул оюнга азгырылып, жанын кыйган учур катталган жок. Бирок биз биргеликте мындай фактынын алдын алуубуз керек", - деп кайрылышат Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
03.02.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман нерсего бул
03.02.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
кыларга иши жок кутурушат да ушундай акылы кем,тайкы адамдар.корот элем жегенге наны жок,ичерге ашы жок ар кимдин койун кайтарып,айдоосун сугарып, жургонундо ушундай интернетке киргенге убакыты болгонун.
03.02.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
намаз окугула,улуу кишилердин акыл насаатын уккула,карыларды сыйлагыла,кичуулорду ызаттагыла,деп айткан акыл кенешчи,акылман,даанышман аксакал аталарыбыздын созун угушпайт,анан кайдагы экрандын артындагы жашынып жазып жаткан селсаяк,зоокур,эркинен ажыраган кылмышкерлердин,интернет бекерчилеринин айткандарын угуп кылганына тан каласын.озу чында оттуу жерге айдасан малды б..ко качат деген
03.02.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
булардын артында кучтуу психологдор отуратко дейм
03.02.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу негизи уюлдук телефон же планшет же болбосо компитор алып бербеш керек 18ге толгончо алып берсе да козомол кылып туруш керек ата-эне .болбосо бир уюлдук телефон алып бериш керек простой.
03.02.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тообо кылдым биз бала кезде топ мн эле ойночу элек. Азыр эле кайдагы балекеттер пайда болду.
03.02.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кандай оюн экен,бат эле азгырыла турган... Бул оюнду жонундо маалымат болсо жаза кетсенер урматтуу Супер инфо...
03.02.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакында эле өзүн-өзү өлтүргөн мектеп окуучулары да мүмкүн ушул оюндун курмандыгы болгондур, ата-энелер балдарын катуу көзөмөлдөбөсө болбой калды, бул оюн өспүрүмдөрдү зомби кылып койчудай
03.02.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тобаа бул оюнду чыгаргандардын максаты эмне экен озу ушунчалык кызыктуу башталат бекен башында анан акыры олум менен аяктаса кудай сактасын
03.02.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ойноп корсом болот экен ото кылдаттык менен Ким кайдан буйрук берерин.жашым 33то оной утулбайм кайра Ким экенин аныктай аламбы дейм
03.02.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сиздейлерди алдай албайт. Булар жашы жете элек өспүрүм балдар кыздардын психологиясын жакшы өздөштүргон неме го дейм бат эле торуна тушургонуно караганда. 14 15 жаштагылар өлүм эмне экенин жакшы түшүнө элек маалдары өтө опурталдуу куракта болушат ушундан пайдаланып өлүмгө түртүп жатышат. Бул оюнду талкуулагандарды интернеттен алып салыш керек алар эмес менин ойногум келип кетип атат кызыгып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: