"Ата Мекен" өкмөткө ишенбестик көрсөтүү демилгесин жабык талкуулоодо
"Ата Мекен" фракциясы бүгүн, 3-февралда өкмөткө ишенбестик көрсөтүү демилгесин жабык талкуулоодо. Фракция кандай чечимге келгени жыйындан кийин белгилүү болот.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев өкмөткө ишенбестик көрсөтүү үчүн кол топтоо аракетин баштаганын жарыялаган эле. Текебаев өкмөт Евразиялык экономикалык биримдик боюнча үмүттү актабаганын, өлкөдө экономикалык көрсөткүчтөр түшүп кеткенин айтып жатат.
Өкмөткө ишенбестик көрсөтүү маселеси бүгүн оппозициялык "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларында да каралары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

