super.kg logo
  Саясат  

Президент Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-февралда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда мамлекет башчысына туруктуу макроэкономикалык кырдаалды камсыз кылуу, инфляция деңгээлин төмөндөтүү, улуттук валютанын туруктуу курсун кармоо, банк жана төлөм системинин коопсуздугун камсыздоо боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2016-жылы төмөнкү инфляция чөйрөсү калыптанды: керектөө бааларынын индекси 2015-жылга салыштырмалуу 0,5 пайызга төмөндөдү.

Мындан тышкары Улуттук банктын башчысы президентке жаңы банк мыйзамдарынын ченемдеринин күчкө киришин эсепке алуу менен каржылык жөнгө салгычтын мындан аркы иш пландары тууралуу айтып берди. Бул пландар дүйнөлүк банк тажрыйбасына ылайык келүү менен банк жана төлөм системдеринин коопсуздугун камсыздоо үчүн мыйзам негиздерин түзүүгө багытталган.

Президент Алмазбек Атамбаев каржы-насыя мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Алар өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болуу үчүн каржы ресурстарын ишкерлер менен жарандардын кызыкчылыктарына жумшоого тийиштигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: