Боронов: "Кар көчкү түшкөндө бульдозер бузулуп бир ай жатты. Мындай нерселер болбош керек"
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бул министрликтин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча "Түндүк борбору" жана "Түштүк борбору" мамлекеттик ишканаларынын жетекчилерин сынга алып, берилген тапшырмалар аткарылбай жатканын бүгүн, 3-февраль күнү коллегиянын жүрүшүндө айтты.
"Бир жылда канча тендер утуп, канча жумуш аткардыңар? Аткарылган бир да иш жок. Уйдун эмчегин эмген музоодой болуп ӨКМны карап отурасыңар. Силерге жаңы техникалар берилген, иштесеңер болот да, ар шылтоону айтпай. Кара-Кулжага кар көчкү түшкөндө бульдозер бузулуп бир ай жатты. Ал эми өзгөчө кырдаал болгон учурда кранды алып чыга албай койдук го. Мындай нерселер болбош керек. Кайсы учур болбосун техникалар жүрүп турушу зарыл", - деди Боронов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Sema87

03.02.2017. 15:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болуп эле келген мындан ары да боло берет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.