Наталья Никитенко, депутат: "Балдар интернетке эмнеге кирип жатышканын ата-энелер көзөмөлгө алышы керек"
Ата-энелер балдары интернетке эмнеге кирип жатышканын көзөмөлгө алышы керек. Мындай пикирин бүгүн, 3-февралда журналисттерге Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко билдирди.
"Азыр балдар интернетке көп кирип жатышат. Ата-энелер көзөмөлгө албаса, балдар социалдык түйүндөргө кирип өздөрүнө бир көз караштагы адамдарды таап, сүйлөшүп башташат. Бул көйгөй менен бир гана мектептеги психологдор күрөшпөй, ата-энелер күрөшкөнү натыйжалуу болот", - деди ал.
Мындан тышкары Никитенко балдарга уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салуудан майнап чыкпастыгын айтты. "Балдар менен сүйлөшүп, алардын көйгөйлөрүн угуп, урушпай жакшы мамиле кылуу зарыл", - деп кошумчалады депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















