super.kg logo

Ош шаарынын мэри таза суу түтүктөрүнүн абалын текшерди

 

Айтмамат Кадырбаев “Ош шаардык суу-канал” ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте калкка таза суу берүүчү түтүктөрдүн абалын текшерди. Бул тууралуу 3-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Калаа башчысы мурунку текшерүүдө ашыкча суу дарыяга куюлуп жатканын байкап, ага тиешелүү
иш-аракеттерди жүргүзүүнү тапшырган эле. "Жамгыр жаап же сел жүргөндө Ак-Буура суусу булганып, шаарда таза суу токтоп калары баарыбызга маалым. Буга чейин №5-насостук станцияда ашыкча суу дарыяга куюлуп турган. Аны агызбоо үчүн узундугу 1040 метр, диаметри 400 миллиметр болгон полиэтилен түтүктөрү №3/7-насостук станцияга тартылды. Эми дарыяга агып жаткан ашыкча суу уланган түтүкчө аркылуу Черёмушка, Кулатов кичи райондоруна, Жапалак аймактык кеңешине жана Кеңеш айылына бурулуп, таза суу берилет. Бул долбоордун тендердик баасы 4,5 миллион сомдон ашуун акча каражатын түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланды”, - деди А.Кадырбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: