super.kg logo
  Саясат  

Интернет айдыңында өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан оюндар боюнча өкмөттө жыйын өттү

 

Сооронбай Жээнбеков интернетте балдардын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан виртуалдык оюндар боюнча жыйын өткөрдү. Маалыматты 3-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр алдын алуу чараларын күчөтүп, ата-энелерге да, балдарга да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты. Бул үчүн мамлекеттик органдар, жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары өлкө аймагында суроолорго жооп ала турган линия ачууну буюрду.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева мектеп жетекчилиги окуудан сырткары балдар жана ата-энелер менен сүйлөшүү боюнча иш-аракеттерди көрүп жатканынан кабар берди. Министр жаш активисттерден, студенттерден турган топ ачылганын кошумчалады.

Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова түнкүсүн интернет-клубдарды жабуу сунушун айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекеттик маалымат технологиялар комитетине оюнга аралашкан балдардын аккаунттарын жабуу боюнча инструкция иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: