“Республика-Ата Журт” фракциясы өкмөттү отставкага кетирүү демилгесин колдогон жок
“Республика-Ата Журт” фракциясы өкмөттү отставкага кетирүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда аталган фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов журналисттерге билдирди.
Эл өкүлү өкмөттүн аткарып жаткан иши канааттандырбай турганын, бирок отставкага кетирүү эрте экенин кошумчалады.
“Өкмөт бир эле премьер-министрден турбайт. Ал бир нече мамлекеттик мекемелердин, органдардын жетекчилеринен турат. Ошондуктан бүгүн биз Мамлекеттик каттоо кызматынын ишмердүүлүгүн карадык. Биз “Ата Мекен” фракциясынын демилгесин колдобойбуз”, - деди Бабанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
1
1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















