super.kg logo
  Саясат  

Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү Астанада баңгиликке байланыштуу өткөн жыйынга катышышты

 

Астанада Аймактык координациялык комитеттин Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууга бөгөт коюу программасы боюнча жыйын өттү. Ага КРнын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров баш болгон делегация барды. Иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Евробиримдиктин өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу 3-февралда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Таалайбек Жапаров маңзаттарды жайылтуу бардык мамлекеттерде орчундуу маселе бойдон экенин белгилеп өттү. Өзгөчө жазаларды аткаруу системинде баңгизаттарды колдонуу СПИД оорусунун жугушуна коркунуч жаратарын кошумчалады. Эл аралык стандартка ылайык, маңзатка болгон
суроо-талапты азайтуу, окутуу, баңгиликтин алдын алуу максатында Кыргыз өкмөтү Евробиримдик менен каржылык макулдашууга кол койгон.

Маалыматка караганда, Жаза аткаруу кызматы эл аралык уюмдар менен биргеликте түрдүү ыкмаларды колдонуп абакта жаткандардын көпчүлүгүн баңгиликтен арылткан. Ошондой эле реабилитациялык борбор ачылып, бул жаатта жигердүү иш жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: