Ош шаарында наристелердин 56 пайызы балдар бакчасына барышпайт
Ош шаарында наристелердин 56 пайызы балдар бакчасына барышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2010-2014-жылдар аралыгында Ош шаарында бир да жаңы мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемеси курулган эмес. Статистикалык маалыматтарга таянсак, калаада балдардын 44 пайызы гана балдар бакчаларына барат.
"Акыркы 3 жыл аралыгында 740 орундуу 1 мектеп, 625 орунга ылайыкташкан 7 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилген. Мындан сырткары 27 спорттук жана балдар аянтчалары курулган. Учурда дагы 2 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
tyrgon

03.02.2017. 22:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бажы кызматкерлери жаны жылды чет жакта тозбогондо балким бир бала бакча курулмак беле?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.