super.kg logo

Министр Түгөлбай Казаков киночуларга "эмгегиӊерди өкмөт үчүн эмес, эл үчүн жасагыла" деп айтты

 

Бүгүн, 3-февралда Бишкектеги Кинематография департаментинде 2017-жыл - Ыйман, адеп жана маданият жылына карата тарбия берүүчү социалдык роликтерди тартуу боюнча тегерек стол өтүп, бир топ маселелер талкууга алынды. Белгилүү режиссёр Актан Арым Кубат киночулар бекер иштеп жатышканын билдирди.

"Негизи, киночулар бекер эле иштеп жүрүшөт. Андыктан калыстык, ийкемдүүлүк болуусу үчүн роликтерди тартууда мамлекет каржылык жактан колдоо көрсөтсүн. Өзүбүз тарталы деген студиялар тарта беришсин", - дейт режиссёр.

Министр Түгөлбай Казаков ар бир эмгекти өкмөт үчүн эмес, эл үчүн иштеп чыгуу керектигин, коомду тарбияга чакырган роликтердин сценарийи боюнча сынак өткөрүү зарылдыгын айтты.

"Кичинекей идеяны чоӊ кылбай, чоӊ идеяны чакан, бирок таасирдүү бергенге аракет кылсаӊар. Эмгегиӊерди өкмөт үчүн эмес, эл үчүн жасагыла. Бир роликтин ар бир мүнөтү канча сом болорун эсептеп чыккыла. Ошого жараша каражатты карап чыгалы", - деди министр өз сөзүндө.

Тегерек столго режиссёрлор Темир Бирназаров, Рысбек Жабиров, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жана башка маданият тармагынын өкүлдөрү катышты.






Актан Арым Кубат: "Киночулар бекер иштешет"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.02.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура соз... окмоттон эчнерсе кутууго болбойт...жакшы дагы карап королу дешиптир...
03.02.2017. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин окмот озу карыз болуп жатат чолмокто, анан силерге кайакда акча, чиновник айбандар ар жылы акча алып карызга дайыны жок. Алар эмне кылып кайака иштетип жургонун карапайым эл билбейт уйшул убакытка чейин. Кыргыз элим деймин ойгонгула дагы бир жолу, ар бар кыргыздын мойунунда карыз бар.
03.02.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы министр ток этер жерин айтыптыр.Негизи ушул киши даана кыргыз улуту дегенде тик турат.Эзилбей,кошаматсыз,коркпой эле суйлойт.Бул кишинин орду мындан да ойдодо болушу керек эле,аны жанындагылар эле колдосо болот.
03.02.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында маданият кызматкерлери окмоту карашкандары чындык анткени окмоттон наам алабыз дешти чуркап журушот элге жагабы жакпайбы окмотко жагып наам алса болду ойлорунда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: