super.kg logo
  Саясат  

"Ак шумкар" президенттикке Темир Сариевдин талапкерлигин көрсөтүүнү чечти

 

Бүгүн, 4-февралда Бишкекте "Ак шумкар" саясий партиясынын жыйыны өттү. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана борбор калаадан шайланып келген 200 делегат катышты. Алардын арасында Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Чолпон Жакупова, Курманбек Осмонов, Эсептөө палатасынын мурунку төрайымы Элмира Ибраимова, коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов бар.

Иш-чарада партиянын төрагасы Темир Сариев жана бир топ делегаттар өлкөдөгү коомдук-саясий абалга бааларын беришип, экономикалык-социалдык маселелер тууралуу баяндама жасашты.

Темир Сариев дүйнөдөгү жана өлкөдөгү кырдаал боюнча маалымат берип, учурдагы орчундуу маселелерди чечүү жаатында партиянын көз карашы бар экенин билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргыз мамлекетинде экономикалык абалды жакшыртуу, коррупция менен күрөшүү, коопсуздук маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл.

"Ак шумкардын" лидери учурдагы маселелерди чечүү жолдору партиянын буга чейинки программасында камтылганын эске салып, аны аткарууга партия даяр экенин кошумчалады. Жыйындын жүрүшүндө партиянын мындан аркы милдети жана максаты такталды.

Иш-чаранын жыйынтыгында быйыл күзүндө өтчү президенттик шайлоого "Ак шумкар" партиясынан талапкер көрсөтүү, бул жаатта башка саясий күчтөр менен кеңешүүлөрдү өткөрүү жана партиянын ишин күчөтүү чечими кабыл алынды.

Делегаттардын сунушу менен президенттик шайлоодо "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдин талапкерлигин көрсөтүү чечилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: