super.kg logo

ИИМ: "Пара алуу, элге жасалган орой мамиле милицияга болгон элдин ишенимин жоготууда"

 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков жер-жердеги кээ бир жетекчиликтер тарабынан жумушту уюштуруу, элдин коопсуздугун тиешелүү түрдө камсыз кылуу, кылмышка каршы күрөшүү боюнча кемчиликтер бар экенин министрликтин коллегиясында билдирди.

"Муну ачык эле айтыш керек, кээ бир жетекчилер тарабынан өз милдеттери так аткарылбай келүүдө. Себеби жарандар жер-жерлерден арызданып, министрликке чейин келип жатат. Бул жергиликтүү жетекчилер тиешелүү түрдө иштебейт дегенди билдирет. Жарандардын арыздары өз убагында каралбай, алар ары-бери жөнөтүлүп, убара болушууда", - деген Сүйүн Өмүрзаков.

Сүйүн Өмүрзаков Патрулдук милициянын ишмердүүлүгүнө да токтолуп, негизинен бул кызмат жол жана коомдук тартипти камсыз кылууга багытталып, милициянын жаңы образы катары эл менен иштешет деген максатта түзүлгөнүн белгиледи.

"Азыркы убакта бул кызмат тиешелүү натыйжа бербей келүүдө. Ар бир фактыга токтолбой эле коёюн, бирок жер-жердеги Патрулдук кызматтар тарабынан элге орой мамиле жасалганы, айдоочулардан пара алуулар дагы эле токтой элек. Бул учур ачыкка чыкпаганы менен, муну элдин баары билет. Албетте, бул милицияга болгон элдин ишенимин, жаңы түзүлгөн кызматка болгон ишенимин жоготууга алып келет", - деген өз сөзүндө орун басар.

Коллегияда коомдук жайларда бейбаштык, денеге оор залал келтирүү, адам өлтүрүү, тоноо жана башка кылмыштардын саны Бишкек, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Ош шаары, Жалал-Абад жана Ош облустарында өсүп кеткендиги баса белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.02.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы эле олкодо милиция дегенди эчким жактыра бербейго
05.02.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аааааааааа эми жеткен окшобойбу
05.02.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элдин ишеними жоготууда жок эле качан эле ишеним жоголгон бандит зоокурдун баары ошол жакта каяка барып кутуласынар Алланын астында жооп бересинер
05.02.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Отконку тунку клубдан бейбаштык кылып бироонун ден-соолугуна залал келтирген сотрудникке окшогон ыймансыздарынарды дагы калкалагандын оордуна оор жазага тарткыла башкасына сабак болот. Мына ошолорго окшогондор элдин милиция болгон ишенимин жоготуп атат.
05.02.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдер милициядан аябай элекоркот чынында. РЕФОРМААА деп эле 20 жылданибери какшайсынар наоборот антирефорама болуп жататго откондогу окуя клубдагы байкуш баланы сабашып экоолоп. Черныйлар карангы жерден тоношот, а булар кундузгу разбойниктер.
05.02.2017. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча тоноочулар.Мыйзамдагы рэкеттер.Мен вобщем ишенбейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: