super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 5-ФЕВРАЛЬ: Бразилиялык футболчу Неймар да Силва 25ке чыгып жатат

 
Баласынын апасы Каролина менен
Бруна Маркизини менен
Габриэлла Лензи

Мындан 25 жыл мурун, 1992-жылы 5-февралда Бразилия курама командасынын жана каталондук "Барселонанын" жарым коргоочусу Неймар да Силва Бразилиянын Сан-Паулу штатында туулган. Футболчу буга чейин Бразилия курама командасы менен Конфедерациялар Кубогун уткан (2013). Бразилиялык "Сантостун" курамында 2011-жылы Либертадорес Кубогун утуп, анда 11 голу менен мыкты бомбардир аталган. 2013-жылы жайында каталондук "Барселонанын" курамына кошулуп, Испаниянын Суперкубогун утуп алган. Каталондук клуб аны курамына кошуу үчүн 57 миллион евро сарптаган.

2015-жылы Неймар “Барселонанын” курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, Испания чемпиондугун, Испания Кубогун, УЕФАнын Суперкубогун жана клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун уткан. Ал бул мелдештердин баарында чечүүчү ролду ойногон. УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 10 гол киргизип, Криштиану Роналду жана Лионель Месси менен биргеликте бул мелдештин башкы бомбардири аталган.
Жылдын соңунда Эл аралык Футбол федерациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” сыйлыгына талапкер болуп, добуш берүүнүн жыйынтыгында ал сыйлыкка негизги талапкер 3 футболчунун катарына кирген (ред.- Лионель Месси жана Криштиану Роналдудан кийинки орунда).
Неймар 2011-жылдын августунда уулдуу болгон. Ата болгондо ал 19 жашта эле. Уулуна Давид Лукка деген ысым ыйгарган. Кызыгы, ага уул төрөп берген сүйүктүүсү Каролина анда 17 жашта болчу. Футболчу аны менен мамиле кура алган эмес. Андан кийин актриса Бруна Маркезини менен 2 жыл мамиледе болуп, кайра модель Габриэлла Лензи менен сүйлөшө баштаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.02.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
balasy negr emes go
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: