super.kg logo
  Спорт  

Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык мелдеште кыргыз мушкерлери 5 алтын медаль жеңишти

 

2-февралдан 5-февралга чейин Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бокс боюнча Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык мелдеш орун алды. Быйылкы жылдагы аталган мелдеш 40-ирет өткөрүлдү. Медалдар үчүн Кытай, Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Украина жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары күрөшүштү. Жалпы спортчулардын саны 100дөн ашты.

Кыргыз өлкөсүнүн атынан 2013-жылдын Азия чемпиону Азат Усеналиев, "Рио-2016" Олимпиадасынын катышуучусу Эркин Адылбек уулу жана башка 50гө жакын мушкерлер чыгышты.

49 килограмм салмак ченинде:
Финалда Мирлан Түркбай уулу (Кыргыз Республикасы) Рахманкул Аватовду (Кыргыз Республикасы) жеңип алды.

52 кг:
2013-жылкы Азия чемпиону, тажрыйбалуу Азат Усеналиев (Кыргыз Республикасы) Турат Осмоновдон (Кыргыз Республикасы) мыкты болду.

56 кг:
Сирожиддин Абдуллаев (Кыргыз Республикасы) Мирбек Шеровду (КР) утуп алды.

60 кг:
Өмүрбек Малабеков (КР) Эржан Тургунбековду (КР) жеңди.

64 кг:
Нурбек Кобашев (КР) Абдураим Маметиден (Кытай) мыкты болду.

69 кг:
Маметтурсун Ерсун-Чон (Кытай) Эрмек Сакеновду (КР) утуп алды.

75 кг:
Козимбек Мардонов (Өзбекстан) Ильяз Акматалиевди (КР) жеңди.

81 кг:
Мурат Байгазиев (КР) Эркин Адылбек уулун (КР) утуп алды.

91 кг:
Сардор Ермухамедов (Өзбекстан) Сергей Паренкодон (Кыргыз өлкөсү) мыкты болду.

91 кг жогору:
Рустамжан Исмоилов (Өзбекстан) - Абдусамет Абулит (Кытай) беттешинде кытайлык спортчу алтын медаль тагынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.02.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы
05.02.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!!
06.02.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз боксчулары "уйдо баатыр жоо до жоктор"илгери кыргыз боксу кучтуу эле О.Назаров,А Курнявка,Абдыкалыковдор СССРдин,дуйно чемпиондору.
06.02.2017. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо кыргыздар кыргыздарды женип медаль алыштыбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: