super.kg logo
  Саясат  

Эгемберди Эрматов: "Бир египеттик менен сүйлөшүп отуруп ыйлап жибердим"

 
Депутат Эгемберди Эрматов депутаттарды, жалпы эле кыргыз элин, мекенин, улуттук баалуулуктарын урматтоого, баркын билүүгө чакырды. Эл өкүлү кыргыздын калпагы менен балы тууралуу эки мисал менен сөзүн улантты. "Жакында Меккеге ажыга барып келдим. Зыярат кылып жүрсөм көптөгөн улуттун өкүлдөрү башымдагы калпагыма суктанышып, "Кайсы улуттун кийими, мага бербейсизби, сатпайсызбы?" деп жатышты. Мен "улутум - кыргыз, кыргыз эч качан каш кийимин сатпайт" дедим. Анан да кечээ Египеттен келген бир конок киши менен сүйлөшүп отурдум. Ал бир топ жыл мурун Кыргызстандан бал алып кеткен экен, күндө чыпалагын гана малып жеп, ушуга чейин сактап жүрөт экен. Ал жакта биздин балды жеп көргөндөр "Бул кайсы даам?" деп аябай кызыгып сурашат экен. Мен ыйлап жибердим. Кыргыз болуп жаралганыма абдан сыймыктандым. Бейиште жашап жатабыз, баркын билели" деди өл өкүлү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: