super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 6-ФЕВРАЛЬ: 106 жыл мурун АКШнын 40-президенти Рональд Рейган төрөлгөн

 
1985-жылы жубайы менен Ак үйдө

Мындан 106 жыл мурун, 1911-жылы 6-февралда АКШнын 40-президенти Рональд Рейган Иллинойс штатындагы Тампико шаарында туулган. Ал Америка Кошмо Штаттарын сегиз жыл башкарган. Президент катары Америкада социалдык реформаларды ишке ашырып, байлар менен жакырларды теңеген. Бирок ал дүйнө элинин эсинде коммунизмге каршы жең түрүнө күрөшкөнү менен калган. Айрым тарыхчылар аны СССРдин кулашынын башкы күнөөкөрү катары айыпташса, айрымдар анын ыдырашын тездеткени үчүн ыраазы.

Рональд Рейган 69 жашында тактыга отуруп, Америка тарыхындагы эң улгайган мамлекеттик жетекчи болгон. Ага карбастан Советтер Союзунун төрт башчысы менен (Леонид Брежнев, Юрий Андропов, Константин Черненко жана Михаил Горбачёв) кызматташканга үлгүргөн. Байкоочулар Рейган советтик державанын соңку башкаруучусу менен мыкты тил табыша билген дешет.

1987-жылы СССР менен АКШнын ортосунда НАТОнун ядролук куралдуу күчтөрүн Европадан чыгарып кетүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Рональд Рейган саясатка аралашардан мурун Америкада киноактёр катары таанымал болгон. Ал Голливуд жылдыздары Кларк Гейбл, Кэри Гранттыкындай атак-даңкка жете албаса да, өз күйөрмандары көп болгон. 1937-1964-жылдары баш-аягы 53 киного тартылган.
1989-жылы Рональд Рейган тактыдан кеткенден кийин көпчүлүк убактысын Калифорниядагы үйүндө мемуарларды жазуу менен өткөргөн. Ал президенттик жылдарын өз өмүрүндөгү "жарык шаарча куруу" жылдары катары сүрөттөйт. 2004-жылы 5-июнда 93 жаш курагында каза тапкан.

6-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: