super.kg logo

1 жума аралыгында 5 жарандан 800 граммдан ашуун баңгизат алынды

 

Республика боюнча 28-январдан 3-февралга чейин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында баңгизатты мыйзамсыз сактоо боюнча 5 факт аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди.

Жалпысынан 5 жарандан 800 граммдан ашуун баңгизат алынганы маалым болду. Баңгизат марихуана өсүмдүгү экени болжолдонууда.

"Өлкө боюнча ар дайым алдын алуу иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери түшкөн маалыматтарды текшерип, баңгизатты мыйзамсыз сактоо фактыларын аныкташат. Жакында эле Кара-Жыгач жаңы конушунан Ысык-Көл облусунун 27 жаштагы тургуну кармалды. Шектүүдөн 7 ширеңке кутучасына салынган баңгизат табышкан. Ошондой эле Панфилов районунда 36 жаштагы П.Анын шымынын чөнтөгүнөн болжол менен марихуана табылган", - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы фактылар боюнча ички иштер органдары тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыктары боюнча чечим чыгары белгилүү болду. Баңгизат Эксперт-криминалисттик борборго жиберилигенин ИИМдин басма сөз кызматы кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: