ЖЫЛНААМА, 6-ФЕВРАЛЬ: 13 жыл мурун Таиландда 357 парашютчу асманда чоң гүл жасап, дүйнөлүк рекорд койгон




Мындан 13 жыл мурун, 2004-жылы 6-февралда Таиландда 357 парашютчу асманда аталган өлкөнүн желегинин түстөрүндөй чоң гүл жасаган. Дүйнөнүн 42 өлкөсүнөн келген тажрыйбалуу спортчулар муну менен дүйнөлүк рекорд коюшкан. 6 транспорттук C-130 учактарынан топтук секирүү Таиланддын ханышасы Сирикиттин 72 жылдыгына карата уюштурулган. Алгач бул көрүнүшкө 372 адам катыша турган болгон. Бирок айрым спортчулар алдын ала секирүүгө даярдануу учурунда жаракаттарды алышып, кээ бирлери төмөнкү деңгээлдеги даярдыктары үчүн кооз көрүнүштү жаратууга катышкан эмес. Гүл асманда бузулбай 7 секунда турган.
6-февралга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.