super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кыргызстанга кайтып барарыма көзүм жетпейт"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Орусиядагы кыргыздар массалык түрдө мекенине кайтып келишеби?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Массалык түрдө барбасак да, акырындан бутка тургандан кийин баарыбыз кетебиз. Эч кимдин бул жакта калайын деген ою жок".

"Өзүмдү эле айта кетсем, беш жыл жогорку окуу жайда окудум, кызыл диплом менен бүтүрдүм. Эки жыл университетте иштедим, 3,5 миң айлык алып. Үй-бүлөнү аз айлык менен багыш кыйын экен, Орусияга келе бердим. Кудайга шүгүр, иштеп жатам, айлыгымдын жашаганыбыздан артканын үйгө салып, кичине болсо да топтогонго жетиштик. Менден башка беш группалашым да Москвада иштеп жүрүшөт. Жумуш орду жок болгон соң дипломдун пайдасы жок экен да. Анан массалык түрдө мамлекетке ким, кантип кайтат?"

"Азырынча массалык түрдө кайтуусу кыйын. Мекенибизде жумушсуздук дале күчүндө, буюрса, качандыр бир жылдары кайтышы мүмкүн".

"Орусиядан башка жакка деле кетип жатышпайбы".

"Кайтып барышат жана барабыз, массалык түрдө эмес, өлкөбүздө чакан бизнес ачканда же акча табууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө".

"Мекениме кайтып барарыма көзүм жетпейт. Бирок, Кудай буюрса, жок дегенде 10 кыргызды жумуш менен камсыз кылууга аракет жасайм, бизнес ачып дегендей".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
06.02.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иий алтындар ий!
06.02.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Биз кыкендер КРга барбай калдыкгоо. Анткении КРнын онолушуна ээч козум жетпейт. Чондор тигинтип болгон байлыктты сатып жеп жатса. 120Депутат пплюс 240жардамчыплюс 22министр алардын жардамчылары плюс замдары плюс таможня иим салык кызматы иши кылып айта берс соз коп. Баарыны кошкондо 100000чиновникти тойгозуп буткончо кылым кылымдар отот. Ошентип биз байыркы мекенибиз энесай алтай ороондорундо жашап калабызбы деп ойлойм. Бир Алла таалам жакшы кыргыз эли учун иштеген инсанды эле берип калбаса.
06.02.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россияда жургондордун копчулугу жогорку билимдуу,диплому болгону менен ишке албаса не кылышат анан Гос службага кирсен кыйратып айлык бербесе МИСАЛЫ:Менда окууну бутком милицияга ишке кирейин деп барсам отдел кадр сурады кай жактансын деп адресимди айтсам мага эн алыс жакты айтып койду ошол жака барып иштейсин деп,а ал жактык баланы мен жашаган жака болуп койду анан сурансак перевод акча турат деди айла жок иштедим ошол жака барып 2,5жыл алган айлыгым кварпоатка жетпейт же тамак аш же уйго
06.02.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Россия Россия дейбиз бул жактада орустар жон эле берип койбойт акчаны аны биздин креслодо отургандар тушунгондо эле коргондо эле ыйлайт эле. Тилегин Кыргызым,элим,жерим деген адам келсе экен Аллахтан кундо сурайм азыркы иштегендердин кээ биринде эле потриоттук сезим бар алардыда берки кан корлор канын ичип жатышат иштете койбой.Айла жок башка тушконду коз корот деп журобуз
06.02.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда жогорку билими барлар 15мин аран алат бир айда а орусияда орточо мигранттар 30 35мин руб алышат 15мин квартира тамак ашына кетсе 20минден чогултса болот ошентип эле уй машина алып жатышат го...биздин кыргызстан бар болсун...жумуш жок кантип келишет...
07.02.2017. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда бир да жаштар калган жок...дагы дале кун суугуна карабай Чет жерге иш издеп кеткендердин агымы осуудо..
07.02.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакын арада барбай калдык го.Мен мисалы учун барбайм жакында.Бул жакта айлыгыбыз жакшы .Орусиянын атуулдугун алып алганбыз.Аны жыргагандыктан алган жокпуз.Жакшы иште жакшы айлыкта иштейли деп алдык.Эми бизге жаны закон чыгарып коюшуптур го биздин чиновниктер.Кыскасы 10мин штраф толойт экенбиз регистрацияга турбасак.Соз жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: