super.kg logo
  Саясат  

Саясатчылар, саясат таануучулар өкмөттү отставкага кетирүү аракети боюнча эмне дешет?

 

Премьер-министрди кызматтан кетирүүгө Жогорку Кеңеште оппозициялык фракциялардын күчү жетпейт. Бул тууралуу 7-февралда SUPER.KG порталына саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

“Менимче, оппозициялык фракциялардын, анын ичинде Өмүрбек Текебаевдин өкмөттү отставкага кетирүүгө алы жетпейт. Азыр оппозициянын күчү аз. Эгер өкмөт башчыны кетирүү КСДПнын планында бар болсо, анда Сооронбай Жээнбеков кетет”, - дейт серепчи.

Мурунку депутат Равшан Жээнбеков азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мурдагы премьерлерден эч кандай айырмасы жок экенин айтты. "Сооронбай Жээнбеков мурдагы премьер-министрлердей эле эптеп-септеп иштеп жатат. Атамбаевдин айтканынан чыкпаган, буйругун аткаргандан башка иш менен өзүн көрсөтө алган жок", - дейт Жээнбеков.

Ал эми саясат таануучу Токтогул Какчекеев өкмөттү кетирүү аракети "саясий оюн" деген пикирде.

“Текебаевдин максаты - Сооронбай Жээнбековду кетирип, кандайдыр бир ийгиликке жетүү. “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өздөрүн оппозиция деп эсептешет. Алар өкмөттү отставкага кетирип, жаңы премьер-министрди дайындоого убакытты күзгө чейин созгону жатышат”, - деди Какчекеев.

Укук коргоочу Качкын Булатовдун айтымында, өкмөт иштебей эле саясат менен алек. "Өкмөттү отставкага кетирүү боюнча "Ата Мекен" фракциясынын демилгесин колдойм. Өлкөбүз Евразиялык экономикалык биримдикке киргени менен, өкмөт дыйкандарга, өндүрүүчүлөргө эч кандай шарт түзүп бере алган жок. Лабораторияларды да ачып берген жок. Өкмөт башчы иштебейт, эптеп бийликте турса болду", - дейт Булатов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: