Кыргыз өкмөтү алкоголдун сатылышын көзөмөлдөөнү күчөттү
Кыргыз өкмөтү алкоголь продукцияларынын сатылышын көзөмөлдөйт. Бул тууралуу 7-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине алкоголь продукцияларынын сатылышын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча нормативдик-укуктук актыларга жараша иретке келтирүү тапшырмасын берген. Буга чейин бул жаатты текшерүү иштери Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлүп келген.
"Аталган кызматтын ишмердүүлүгү көп тармактуу болгондуктан, алкоголь продукцияларын координациялоодо тийиштүү көңүл бурулбай, анын экспорттук потенциалы төмөндөгөн. Салык кызматы акциздик маркаларды берип, алкоголь өндүрүү ишканаларынан салык чогултууну уланта берет. Муну менен Кыргыз өкмөтү алкоголду өндүрүү, сатуу, импорт жана экспортту көзөмөлгө алат. Көрүлгөн чара мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктарды көбөйтүп, мыйзамсыз соода жүгүртүүнү кыскартат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
tyrgon

07.02.2017. 11:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
)))) ыссык колдун орнок айылы алкоголдорун токкондон кийин кыймылдай башташканго )) эмнеге ар дайым поздныйсынар
leilekstan_1987

07.02.2017. 11:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул алкаголдук (харам) продукциядан бюджетке акча тушпой эле койгону дурус
Bubu88

07.02.2017. 15:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтып эле койгонду билбей иш жүзүно ашырууну да билиш керек
Kroxa

09.02.2017. 20:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол алкоголду тыйса кана,,,мына Колдуктор баштадык эми калганы дагы тыйылса соонун болот эле...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.