super.kg logo
  Саясат  

Пираттык сериалдарды көрсөткөн телеканалдарга жарнама алууга тыюу салуу сунушталды

 

“Пираттык сериалдарды көрсөткөн телеканалдарга жарнама алууга тыюу салыш керек”, - деп бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңеште КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 43 телеканал бар, алардын 90 пайызы пираттык сериалдарды көрсөтөт.

“Андай каналдарда ата мекендик, өздөрү даярдаган программалар жок. Бирок эл сериалдар үчүн ошол каналдарды көрөт. Жарнама берүүчүлөр ошолорго кайрылышат. Бизде 152 сааттык өздүк берүүлөр көрсөтүлөт. Ошондуктан аларга жарнама берүүгө тыюу салуу керек”, - деди Карыпбеков.

Учурда ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: