super.kg logo

Карышкыр менен кармашкан жигиттин атасы: "Карышкыр баламдын билегин, жоон санын тиштептир, кыш менен башка чаап өлтүрдүк"

 

5-февраль күнү таңга маал Тоң районунун Калкагар айылына 5 карышкыр кирип келип, короодогу
малга кол салган. Ошондой эле 27 жаштагы айыл тургуну Кадыржан Шаршенбек уулунун билегин, жоон санын тиштеген. Ал эми жабырлануучунун атасы 54 жаштагы Шаршенбек Абакиров колунан жеңил жараат алган.

"Саат таңкы беш менен алтынын ортосу болчу. Уйлар мөөрөгөнүнөн уулум сыртка чыккан. Ага күтүлбөгөн жерден карышкыр кол салыптыр. Аталап кыйкырганынан чыксам, карышкыр менен алышып жаткан экен. Экөөлөп муунтуп, эсин оодардык. Анан келиним кызыл кыш таап келип, аны менен башка чаап өлтүрдүк. Үйүбүз айылдын ортосунда болгондуктан карышкыр кирип келет деп эч ойлобопмун. Учурда балам Балыкчы шаарындагы ооруканада, абалы туруктуу. Өзүм болсо колумдан жеңил жараат алдым", - дейт Шаршенбек Абакиров.

Буга чейин SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу Тоң районунун Калкагар айылында карышкырлардын үйүрү айылдагы адамдарга жана малга кол салганын билдирген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
07.02.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудай сактаптыр
07.02.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон экен карышкыр
07.02.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Selerjakta mergenchiler jokpu
Karyshkylardy atysh kerekgo
07.02.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Больницага жаткан баланын алган жаратын окмот толоп берсе экен эми, карышкыр олтургонго сыйлык бар деп атты беле???
07.02.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa,Ит Карышкыр тиштегендерди мамлекет акысыз карайт
07.02.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сакайып кетсин мекендешибиз!
Мен тан калып жатам да: азыркы карышкырлар слабый болуп кеткенби же адамдар ото кыйын болуп баратабы?Кирпич менен эле жанчып олтуруп коюшса,илгери ок атып аран зорго сактанышчу экен эле.
08.02.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар! Доот экен бирок жаш карышкыр экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: