super.kg logo

Трамп: "Террорчулар мекенибизге кол салганы жатышат"

 

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп аскерлер менен жолугушуу маалында жалпыга маалымдоо каражаттары тийиштүү деңгээлде теракттарды чагылдырбай жатышканын белгилеп, АКШга да террочулар кол салышарын айтканын "Политфакт" басылмасы жазып чыкты.

"Радикалдык ислам террорчулары 2001-жылы 11-сентябрда болгон терактты жасашкандай, биздин мекенге кол салганы турушат. Силер Парижде, Ниццада эмне болгонун көрдүңөр беле? Бул Европа боюнча болууда. Адилетсиз маалымдоо каражаттары теракттарды чагылдырбай койгонго чейин барып жатышат. Алардын буга өздөрүнүн себептери бар, силер аны түшүнүп турасыңар", - деген президент сөздөрүнө байланыштуу эч кандай далил келтирген эмес.

Ошондой эле Дональд Трамп АКШ террорчуларды жок кыларын айткан. Бул окуядан көп өтпөй Ак үйдүн аналитиктери 2014-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын декабрь айына чейин болгон "ЖМКда чагылдырылбай калган" делген 78 фактынын тизмесин жарыялаган. Бирок алардын арасында кеңири таралбай калган окуялардан тышкары кенен чагылдырылган окуялар да бар экенин "Guardian" басылмасы билдирген.

АКШнын 4 президентинин кеңешчиси болуп иштеген саясатчы Давид Жержен Трамптын бул билдирүүсүн сынга алган.

"Менин оюмча, президенттин маалымдоо каражаттарынын саясий программасы бар болгондуктан, өзүнүн ишин аткарбай жатканын айтканы кыжырды келтирет. Ал эч кандай далили жок эле сүйлөп жатат. Бул президенттин деңгээлиндеги сөз эмес. Адамдар бири-бирибизге ишене албай турган кезде, Ак үйдүн ЖМКларга ишенбөөгө чакырганы анын өзүнө ишенбөөгө түрткү болууда", - деген саясатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.02.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Трап тырылдаттынго жаман
07.02.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сенсиз деле элдин тиричилги ото берет.Тооксузда тан аткан,Кукуксузда кун баткан.Трамп уро берет, Мусулмандар Акшда журо берет.Терордун баары ак кулактар.
07.02.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Терактарды каржылаган АКШ эмесби өздөрү уюштуруп алып эми өздөрүнө таяк болуп жатабы.
07.02.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Трапмды мен жакшы бала деп ойлодум эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: