"Акылдуу" эсептегичтер чуусу Жогорку Кеңештин депутаттарына жетти
Электр энергиясы боюнча "акылдуу" эсептегичтерди ишке киргизген чиновниктерден жооп талап кылуу керек. Бул тууралуу 7-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев билдирди.
"Электр энергиясын пайдаланганы боюнча эсептер баш аламан жүргүзүлүп, бирөөнө аз, экинчисине көп келүүдө. Эмне үчүн башында эле бирдиктүү серверлер орнотулган эмес? Өткөн 5 жыл аралыгында 115 миң "акылдуу" эсептегич орнотулса, 21 гана көзөмөлдөөчү инспектор кыскартылыптыр. Мурда башкача сүйлөшүлгөн болчу. Эми аны ишке киргизген кызмат адамдары жообун бериши керек", - дейт депутат.
Рыспаев өлкөдө жалпысынан 1 миллион 300 миң "акылдуу" эсептегич орнотулушу керектигин, буга чейин орнотулган жабдуулар жалпы пландын 9 эле пайызын түзөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, эл арасында пайдаланган электр энергиясы туура эмес эсептелип жатканына нааразылар акыркы күндөрү көбөйүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















уйдогу баардык электричестваны очуруп,100ватт лампочка менен 1саат иштеткенде счетчиктин эн акыркы саны 1ге которулуусу керек экен(мисалы 3тон 4ко)