super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Турмушка чыгардын алдында бир курс ысык укол алып коюу керек"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Турмушка чыгууга кандай даярдык көрүш керек?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен даярданганга да жетишпедим, бирок себимди апам дээрлик даярдап койгон эле. А өзүм иштеп жүргөндө айлыгыма сүлгү, ич кийимдин түрүн, гигиеналык каражаттарды, байпак (жука, калыңынан), халат, шым, шейшеп, кол жоолуктан бери ала берген экем. Кийин жакшы эле пайдасы тийди".

"Чын эле тоюңа жакын "мандражың кармап" эле жүрүп каласың. Тойдон кийин чын эле турмушка чыктымбы деп ишенбей кетесиң".

"Мага жолдошум сөйкө салдырып, той менен алып кеткен. Тойду 3 айдан кийин болот деп белгилешти, ал кезде иштечүмүн. Айлыгымды апама берчүмүн, апам мага керектүү нерселердин баарын алып себимди даярдап койгон экен. Өзүм атыр, косметиканын түрүн алгам. Кереги тиет экен, кайнеже, кайын сиңдиме да белек кылдым".

"Бир сыр айта кетейин, турмушка чыгарда 1 курс ысык укол алып койсоңор, ден соолукка чоң пайдасы тиет. Анан дагы мечиттин жанында китептер сатылат. Ошол жерге барып "Никенин көшөгө сырлары" деген китепти алып окуп койсоңор жакшы болот".

"Чын эле укол алып коюш керек экен, боюңда болуп калса дары иче албай кыйналат экенсиң. Анан да узун, эки жакты жапкан кийимдердин көп болуусу да зарыл экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.02.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркыоар боюнмда болуп калбасын деп укол алып алышып воопще торобой да калып жатышат го..
08.02.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Боюмда болуп калбасын деп эмес, бойдо болгондо суук тийүү, грипп сыяктуу ооруулардан сакташ үчүн алат ысык уколду.
08.02.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кенештер экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: