“Дордой” жооптук беттеште “Балканды” 2:1 эсебинде утуп, АФК Кубогунун кийинки баскычына өттү

Бүгүн, 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында жергиликтүү “Балкан” командасы менен бишкектик “Дордой” командасы жооптук беттеш өткөрдү. Анда “Дордой” түркмөнстандык “Балканды” 2:1 эсебинде утуп, АФК Кубогунун кийинки баскычына өттү.
Эске салсак, аталган эки команданын биринчи оюну 31-январда Ош шаарында 1:1 эсеби менен аяктаган.
Балканабад шаарында өткөн оюндагы алгачкы голдун автору “дордойчу” Алишер Азизов, кийинкиники Авазбек Откеев болду. Эми “Дордой” АФК Кубогунун дагы бир тандап алуу баскычында
"Шахин Асмаи"-"Хосилот" беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт. Бул беттеште жеңүүчү аталса, тайпалык оюндарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

ойлодум эле уталбайбызго гости болуп деп..баардык нерсе оюнда чечилет экен корсо
Ийгилик