super.kg logo

Кербен шаарынын мэри: "Эки техниканын бири бузулуп, жолдорду тазалоого жалгыз техника жетишпей жатат"

 

Кербен шаарынын жолдорун кардан тазалоого жалгыз техника жетишпей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда SUPER.KG порталына Кербен шаарынын мэри Нараматалы Эсеналиев билдирди.

"Калаанын аймагын кардан тазалоодо иштеп жаткан техниканын бири бузулуп, жалгыз техника калды. Аны менен тазалоого жетишпей жатабыз. Ошентсе да 4 күндөн бери тынымсыз иштеп жатабыз. Дагы 2 күн ичинде ички жолдорду тазалап бүтөбүз. Учурда негизги жолдор унаа каттамы үчүн ачылган", - деди шаар мэри.

Калаа башчысынын маалыматына ылайык, Кербен шаарында акыркы жолу жааган кар 60 сантиметрге жеткен. Буга чейинки жааган кардын калыңдыгы 35-40 сантиметр болгон. Учурда 1 метрге чукул кар бар. Нараматалы Эсеналиев Кербен шаарынын жаңы конуштарындагы ички жолдор эртең бир унаа баткыдай абалда тазаланып бүтөрүн кошумчалады.

Эске салсак, окурман 4-февралда шаардын борбордук көчөлөрү күрөлбөй турганын айтып нааразычылыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.02.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кербен шаарынын мээри эки техникабыздын бири бузулду
деп отура берсе,мен апарып
бермек белем техниканы. Кар
кундо эле жааган жокко эки
кун жааса эптей албайт анан
мээр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: