Кадамжай районунда турак үйдө өрт чыгып, кызга даярдалган сеп күйүп кетти
Кадамжай районунда турак үйдө өрт чыгып, кызга даярдалган сеп күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 7-февраль күнү 16:58 чамасында келип түшкөн. Анда аталган райондун Сухана айылында турак үй өрттөнүп жатканы айтылган. Окуя болгон жерге барган өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат 18:58де толук өчүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 сыналгы, компьютер, принтер, 4 килем, 20 төшөк, жыгач эмерек, 2 ашкана эмереги, 9 миң сом акча каражаты, уктоочу эмерек, 2 паспорт, 2 диплом жана кызга даярдалган сеп толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгышына меш менен мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Кыргызсча озгортсонор болобу