super.kg logo

Чоң-Алай районунда калың кардан улам каттам токтогон 7 айылда жолдорду тазалоо иштери бүгүн башталат

 

Чоң-Алай районунда калың кардан улам каттам токтогон 7 айылда жолдорду тазалоо иштери бүгүн башталат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-февралдан 4-февралга караган түнү Кашка-Суу, Чоң-Алай жана Жекенди айыл аймактарында калыңдыгы 70-80 сантиметрге жеткен кар жаап, 16 айылда 72 чакырым ички чарбалык жолдор жабылып калган. Карды тазалоо иштерине №16-Жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 2 грейдер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1 жүктөгүч тартылган.

"5-февраль күнү 9 айылда 39 чакырым ички чарбалык жолдор тазаланган. Ал эми калган 7 айылда ички чарбалык жолдорду тазалоо иштерине ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн. Бүгүн ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иштери башталат", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.02.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон Алайда кар коп жаайт.Монгунун запасы боюнча Орто Азияда биринчи орунда турат.
08.02.2017. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 метр кар бар каяктагы 79 80 см туура айтсанар маалыматты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: