"Бишкек-2" темир жол бекетинде 27 жаштагы жаран ок атуучу курал менен кармалды
"Бишкек-2" темир жол бекетинде 27 жаштагы жаран ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 27 жаштагы жаран кечээ, 7-февраль күнү саат 17:30 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, текшерүүгө алынган. Анын жанынан колго жасалган тапанча табылган. Ага тиешелүү эч кандай документтер болгон эмес. Учурда анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.