super.kg logo

Өткөн жылы Баткен облустук сотунда каралган иштердин басымдуу бөлүгүн жумушка кайрадан орноштуруу, турак жайдан мажбурлап чыгаруулар түзгөн

 

Өткөн жылы Баткен облустук сотунун соттук коллегиясына шаардык жана райондук соттордон жалпы 381 иш келип түшкөн. Каралган иштердин негизин доону өндүрүү, жумушка кайрадан орноштуруу, турак жайдан мажбурлап чыгаруу сыяктуулар түзгөн. Мындай маалымат Баткен облусундагы жергиликтүү соттордун 2016-жылдын ичинде жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде белгилүү болду. Бул тууралуу 8-февралда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Коллегиялык жыйынга Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева катышып, өз сөзүндө сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы бирдей тажрыйбага жетишүү, коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу зарылдыгын айтты. Ошондой эле сот ишиндеги процессуалдык нормаларды сактоону, коррупцияга бөгөт коюуну жана башка бир катар тиешелүү маселелерге, өзгөчө мамлекеттик алым, соттук чыгымдарды өндүрүү боюнча аткаруу баракчаларын өз убагында өткөрүп берүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөөгө токтолду. Мындан сырткары 2016-жылы Баткен облусундагы судьялардын ичинен сот адилеттигин ишке ашырууда жакшы көрсөткүчтү бере алган облустук соттун судьясы Бактыяр Алибаевге алкыш жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.02.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуштан айдалдынбы? Кет ары башка жумушка, катынга окшоп жабышып албай.
TIMON_BERKOWITZ түзөттү 2017-02-08 11:34:36
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: